23-ноябрда Өзгөн районунун Ак-Жар айылында жаңыдан курулуп бүткөн спорт зал жана китепкана пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук жетекчиликтен билдирет.
Аталган объектилердин курулуш иштерине мамлекеттик бюджеттен 13 миллион сом бөлүнгөн. Мындан сырткары жергиликтүү бийлик тарабынан жана демөөрчүлөр тарабынан да акчалай колдоолор көрсөтүлгөн.