Түркмөнстандын жаңы президентин даңазалаган ырларга сынак жарыяланды

Түркмөнстандын Балкан облусунда жаңы президент Сердар Бердымухамедовду даңазалаган ырлардын сынагы жарыяланды. Жеңүүчүлөргө "чоң сыйлыктар" убада кылынганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Балкан облусунун бийлиги бүтүндөй Түркмөнстан боюнча хит боло турган ырлар жазылат деп ниет кылып жатат.

Аткаминерлер белгилегендей, жакында президент Балкан облусуна барганда аны мактап-даңктаган ырлар көп айтылбагандыктан жергиликтүү бийликке сөз тийген.

Сердар Бердымухамедов 15-апрелде аталган облуска барып, оорукананын ачылышына катышкан. Анын сапарына даярдык бир ай мурда эле башталып, иш-чарага катыша турган маданият кызматкерлери карантинде отурушкан.

12-мартта мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодон кийин ал бийликти атасы Гурбангулы Бердымухамедовдон өткөрүп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан