Жогорку Кеңеш: "Кыргызгазды" сатууга байланышкан мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңеште бүгүн, 27-ноябрда “Кыргызгазды” сатууга байланышкан мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. 80 депутат каттоодон өтүп, мыйзамга 65 депутат "макул", 15 депутат "каршы" деп добуш берди. 

Эскерте кетсек, “Кыргызгаз” Орусиянын “Газпром” компаниясына 1 долларга сатылганы жатат. Өкмөт билдиргендей, ишкана сатылса, Кыргызстанга газ үзгүлтүксүз, азыркыдан арзан баада берилип баштайт. Ал эми айрым депутаттар ишкана сатылса кыргыз бийлиги Орусияга көз каранды боло тургандыгын айтышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан