2013-жылы 400дөн ашык карышкыр атылды

Кыргызстанда 2013-жылы аңчылар тарабынан 400дөн ашык карышкыр атылган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын аңчылар жана аңчылык чарбасынын жыйынында айтылганын Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин маалымат кызматы кабарлайт. 
Маалыматка караганда, карышкыр менен чөөлөрдүн санын көзөмөлгө алуу 1997-жылдан тарта жүргүзүлүп келет. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жарлыгына ылайык, ар бир жок кылынган карышкыр менен чөө үчүн аңчыга сыйлык төлөнөт. Анын суммасы мамлекетке өткөрүлүп берилген жаныбардын терисинин санына жараша коюлат. Чоң карышкырга 5000 сом, жаш карышкырга 3500 сом, чөөгө 3000 сом акчалай сыйлык төлөнөт. 
Быйылкы жылы аталган агенттик тарабынан 189 ирет рейд өткөрүлүп, анда 213 карышкыр, 291 чөө, ал эми карышкырга аңчылык кылган мергендер тарабынан 78 карышкыр, 281 чөө, өз алдынча аңчылык кылгандар тарабынан 142 карышкыр 242 чөө атылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан