Орусия Украинага тынчтык келишиминин вариантын сунуштады

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия Украинага тынчтык келишиминин вариантын тапшырганын билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Украина өз вариантын 29-мартта Стамбулда өткөн эки тараптын жолугушуусунда берген. Ага ылайык, Украина НАТОго кирүүдөн баш тартат, өзөктүк курал менен алектенүүдөн карманат.

Алар кепилдик жөнүндө документке Орусиядан сырткары Улуу Британия, Кытай, АКШ, Түркия, Франция, Канада, Италия, Польша жана Израил да кошо кол коюшу керектигин белгилеген. Ошондой эле Крым менен Севастополдун макамдары тууралуу сүйлөшүүлөр алдыдагы 15 жыл ичинде чечилиши керек. Ал эми Донецк менен Луганск райондорунун макамы украин президенти Володимир Зеленськийдин жана орус президенти Владимир Путиндин жолугушуусунда гана талкууланышы шарт экени айтылган.

Москванын сунушун алганын украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк да ырастады. Ал документ тыкыр иликтенип жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан