Бангкоктогу массалык баш аламандыктар уланууда. Бул тууралуу чет элдик
маалымат булактары билдирет.
Маалыматка караганда, бүгүн, 27-ноябрь күнү эртең менен митингге чыккандар
Таиланддын Атайын иликтөө департаментин курчап алган. Буга байланыштуу
департамент кызматкерлери имараттан чыгарылууга мажбур болушкан.
Митингчилер өнөр жай, соода, эмгек министрликтеринин имараттарын да курчоого
алышкан. Бирок бийлик аларга каршы күч
колдонбостугун Таиланддын Улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасы Парадорн
Паттанатабут билдирди. Анын айтымында, кечээ, 26-ноябрь күнү сот каршылык акциясынын
уюштуруучуларынын бири Сутеп Таугсубананы кармоого ордер бергендигин, ошондон
улам анын мындан ары оппозиция өкүлдөрүн жетектөөгө укугу жок экендигин билдирди.
Учурда Бангкок полициясы тарабынан Сутеп Таугсубана менен оппозиция
өкүлдөрүн кармоо боюнча атайын операция даярдалып жатканы маалымдалууда.
Эскерте кетсек, Бангкоктогу нааразылык акциясы бир нече күн мурун башталып,
премьер-министр Йинглак Чинаватка
"коррупциялык иштерге байланышы бар" деген айып тагылып, ага импичмент жарыялоо
демилгеси көтөрүлгөн.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Маданият,
маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстандын жарандарына Бангкоктогу абал турукташканча бул аймакка барбай туруусун өтүнөт.