Сабир Атажанов: “10 жыл ичинде мергенчилердин саны эки эсеге өстү”

Бишкекте бүгүн, 27-ноябрдагы жапайы жаныбарлардын санын көзөмөлдөө боюнча талкуунун жүрүшүндө Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин башчысы Сабир Атажанов “Кыргызстанда 10 жыл ичинде мергенчилердин саны эки эсеге өстү” деп билдирди. 
Анын айтымында, өлкөдө аңчылардын эки коомдук бирикмеси – “Кыргыз аңчы-балыкчылар” жана "Аскердик аңчылык" бирикмелери, ошондой эле аңчылар клубдары бар.
 “2003-жылы аңчылардын жана балыкчылардын саны 9 487 болсо, 2012-жылы алардын саны 20 397ге өскөн. “Кыргыз аңчы-балыкчылар” бирикмесинде 2012-жылы мергенчилердин саны 11 474 болсо, балыкчылардын саны 1 миңди түзгөн. Ал эми “Аскердик-аңчылык” бирикмесинде 2003-жылы 760 адам болсо, 2012-жылы алардын саны 2081ди түзгөн”,- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан