Парламент: Айрым аймактарда өзгөчө кырдаал маселесин жөнгө салуу демилгеси көтөрүлүүдө

Жогорку Кеңеште депутат Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө кырдаал маселесин жөнгө салуу демилгесин көтөрүүдө. 

Демилгечинин айтымында, “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамга ылайык, президенттин жарлыгы аркылуу айрым бир аймактарда өзгөчө кырдаал жарыяланса, анда Жогорку Кеңеш 3 күндүн ичинде макулдук берүүгө тийиш. Ал эми “Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө” мыйзамга ылайык, президенттин жарлыгы аркылуу айрым бир аймактарда өзгөчө кырдаал жарыяланса, анда ал 24 сааттын ичинде күчүнө кирет.

Ошондуктан “Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө” мыйзам жоболору менен “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын талаптарын өз ара шайкеш келтирүү сунушталып жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан