Кылмыш дүйнөсүндө “Лимонти” кличкасы менен таанымал болгон Алмазбек Сулаймановдун ден соолугу начарлоодо

Кылмыш дүйнөсүндө “Лимонти” кличкасы менен таанымал болгон Алмазбек Сулаймановдун ден соолугу начарлоодо. Бул тууралуу анын адвокаты Ахмед Абдужалилов бүгүн, 27-ноябрда болгон маалымат жыйынында журналисттерге кабарлады.
Ал “азыркы тапта Алмазбек Сулаймановдун сол колу иштебей жатат. Ал жаткан 50-тергөө абагында дарылоого керектүү шарттар жок болгондуктан, 1-тергөө абагына которууну талап кылууда. 50-тергөө абагында учурда бир гана фельдшер иштейт экен. Ал эми 1-тергөө абагында камактагы оорулууларга жардам көрсөтүүчү медициналык мекеме бар” деп билдирди.
Ахмед Абдужалиловдун Алмазбек Сулаймановду 1-тергөө абагына которуу тууралуу өтүнүчүнө Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиев аны которуу пландык этап аркылуу ишке ашарын билдирген.
 Абдужалиловдун айтымында, пландык этап ар бир бейшемби сайын өтүп, бул окуя 25-октябрдан бери созулууда”.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан