10 ай ичинде браконьерлер менен мергенчилер мамлекетке 2 миллион 703 миң сом зыян алып келген

Аңчылык боюнча департамент 10 ай ичинде аң уулоодо 584 жолу эреже бузулгандыгын аныктаган. Алардын натыйжасында мамлекетке 2 миллион 703 миң сом зыян келтирилген.  
Бул тууралуу  бүгүн, 27-ноябрдагы жапайы жаныбарлардын санын көзөмөлдөө, чет өлкөлүктөр тарабынан мергенчилик кылуу жана аңчылыкка мораторий жарыялоо боюнча талкуунун жүрүшүндө маалым болду.  
518 факты боюнча 1 556 210 сом өндүрүлүп, сотко жана прокуратураларга 1 482 000 сомду өндүрүү үчүн 58 иш жөнөтүлгөн. Укук коргоо органдарындагы 28 фактыдан өндүрүлүүчү каражаттын суммасы 1 миллион сомду түзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан