Жогорку Кеңеште бүгүн, 27-ноябрда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин компаниясына байланышкан маалыматты иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар кирди:
Бакыт Жетигенов, Майрамкүл Тиленчиева ("Ар-намыс")
Максат Сабиров, Алтынбек Сулайманов ("Республика")
Бактыбек Калмаматов, Жоомарт Сапарбаев ("Ата Мекен")
Дамира Ниязалиева, Заирбек Жоошбеков (КСДП)
Бакыт Шаршеев, Надира Нарматова ("Ата Журт")
Эскерте кетсек, жыйында эртең менен Т.Сарпашевдин компаниясы “Кумтөргө” мотор майларын жеткирип, кайра ал жерден иштетилбей калган майларды алып келүү менен алектенип жатканын депутаттар айтып чыгышкан болчу.