Запорожьенин Вольнянский районунда Украинанын Ан-26 аскердик-транспорттук учагы кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 22-апрелде болгон. Анда техникалык каттамды жасап жаткан Ан-26 учагы Вольнянский районунда кыйраган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан бир адам каза болду.
Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Украиналык басылмалар өз кезегинде Ан-26 учагы атып түшүрүлбөгөнүн жазышты.