Грецияда 700 евро жөлөк пул алуу үчүн адамдар атайын ВИЧти жуктурушууда

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Грециядагы катаал экономикалык кырдаалга байланыштуу жергиликтүү тургундар 700 евро жөлөк пул алуу үчүн өздөрүнө атайын ВИЧти жуктурушууда. Бул тууралуу "Sky News" агенттиги билдирди.

Статистика боюнча, адамдагы иммундук жетишсиздик вирусун алып жүргөндөрдүн саны 3 эсеге көбөйгөн. Алардын жарымы СПИДди атайын жуктурганы белгилүү болгон. Ооругандар жөлөк пулдан сырткары дарылануу программасына тез жетүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Саламаттыкты сактоо уюмунун катчысы каржы таңсыктыгы бар мамлекеттерге экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн башка жолдорду издөө керектигин баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан