Биз социалдык тармакта

"Бизге суу керек!". Бишкекте Аламүдүн районунун тургундары митингге чыгышты

Бишкекте Максим Горький атындагы сейил бакта Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын тургундары митингге чыгышты.

Тургундар айылда суу тартыштыгы көйгөйүн чечип берүүнү суранышты.

"Биз суу маселеси менен кайрылып жатабыз. Урматтуу Садыр Нургожоевич, биздин көйгөйгө көңүл буруп коюңуз. Таш-Дөбө айылында суу түтүктөрү эскиргенине байланыштуу ар кайсы убакта жарылып, бузулуп калат. Биздин үнүбүздү угуп, жардам берип коюуңузду суранабыз", - деди митингге чыккандардын бири.

Митингдин дагы бир катышуучусу айылда жаз келгенде суу тартыштыгы жаралып, суу жок эл кыйналып жатканын кошумчалап өттү.

Ошондой эле алар "Бизге суу керек!", "Суу - өмүр булагы", "Суусуз жашоо жок" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан