Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев суроолорго жооп берип жатып, 45 миң сомго жакын маяна аларын айтты. Депутат буга чейин 36 миң сом маяна алып келгенин, айлыгы жакында көтөрүлгөнүн кошумчалады. “Убагында айлыгым 6 миң, 10 миң сом болуп турганда деле депутат болуп жүргөм. 20 жыл бою жардамчысы жок иштедим”,- деди депутат.
Депутаттардын санын кыскартуу боюнча берилген эл өкүлдөрүнүн суроосуна Өмүрбек Текебаев “ал үчүн Конституцияны өзгөртүш керек” деп жооп берди.