Францияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат

Францияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө. Бул туурасында дүйнөлүк басылмаларда кабарланды.

Басылмаларда белгилендей, шайлоонун биринчи туру 10-апрелде өтүп, анда 12 талапкер ат салышкан. Анын жыйынтыгында өлкөнүн учурдагы президенти Эммануэль Макрон жана "Rassemblement national" партиясынын лидери Марин Ле Пен эң көп добуш алган.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы 27 же 28-апрель күнү жарыяланат. Франциянын жарандары шайлоодо президентти 5 жыл мөөнөткө тандап алышат.

Буга чейин, тагыраагы 2017-жылы Макрон жана Ле Пен шайлоонун экинчи айлампасына чыгып, Макрон жеңишке жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан