Жогорку Кеңештин депутаттары 27-ноябрда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты негиздөө демилгесин колдошту. Демилгечилердин айтымында, бул сыйлык маданият тармагына, илим, адабият жана искусствого олуттуу салым кошкон кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандарга ыйгарылат. Сыйлык ээлерине Ч.Айтматов атындагы медаль, атайын күбөлүк жана 30 миң доллар тапшырылмакчы.