Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Майк Тайсон учакта сабап салган киши эки жолу абакта отурган. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Тайсондон учакта таяк жеген жарандын аты Мелвин Таунсенд. Ал 36 жашта. Ал мурда алдамчылык, ири өлчөмдөгү уурулук, тоноо, тыюу салынган заттарды сактоо жана уурдалган буюмдарды сатуу боюнча соттолгон.
Мисалы, 2018-жылы Таунсенд башка адамдын унаасынын чиркегичин өзүнүн унаасына илип, уурдап кеткен. Ал эки жолу абакта отурган - биринчи жолу 20 ай, экинчиси - 15 ай.
Тайсон менен болгон окуяга келсек, окуя 20-апрелде болгон. Экс-дүйнө чемпиону Сан-Францискодон Флоридага учмак. Учакка отургандан кийин Майк Тайсон бардыгы менен сүрөткө түшкөн. Ошол учурда анын артында отурган жигит өжөрлүгү менен Тайсонго тийишип, сүйлөшүүгө аракет кылган.
Тайсон андан тынчтануусун суранып, сөздөр натыйжа бербегенден кийин аны сабап салган. Таунсенд Тайсонго коюлган айыптарды алып салганы кабарланууда.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>