Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн Telegram каналында Шейх Мансур менен Дудаевдин батальондору жайгашкан жер тууралуу маалымат үчүн бир миллион доллар сыйлык жарыялады.
Кадыровдун айтымында, Мариуполдо Шейх Мансур деп аталган батальондун командиринин документтери табылган. Анын качып кеткени айтылууда.
"Бул Шейх Мансур жана Дудаев деген батальон каякта жайгашканын ким айта турган болсо, мен миллион доллар жарыялайм. Биз аларды колдон чыгарбашыбыз керек. Аларды жок кылышыбыз керек же болбосо алар чөгөлөп элинен, бардык мусулмандардан кечирим сурашы керек", - деди Кадыров аудио кайрылуусунда.
Буга чейин Кадыров Чеченстандан качып келген, өздөрүн Шейх Мансур менен Дудаевдин батальондору деп атап, согуш учурунда Украинага жардам берүүнү убада кылган адамдар тууралуу изилдерин билдирген.