Токон Мамытов Кыргызстандагы Улуу Британиянын элчиси Жудит Маргарет Фарнворт менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов 27-ноябрда Улуу Британиянын бириккен хандыгынын жана Түндүк Ирландиянын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу өкүлү Жудит Маргарет Фарнворт жана саясий жана чыр-чатактарды жоюу маселелери боюнча аймактык кеңешчиси Рой Уилсон менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 
Жолугушуунун жүрүшүндө Токон Мамытов адам укугун коргоо, саясий жана административдик-аймактык өзгөртүүлөрдөгү жылыштар боюнча өкмөттүн аткарган иши тууралуу айтып берди. 
“Биз Кыргызстандын укук коргоо системин реформалоого кириштик. Алдыда абдан көп иштер бар жана ага ылайык тоскоолдуктар да болот. Биз эл аралык адистердин жардамын колдойбуз жана ар бир серепчинин ою маанилүү”,- деди Токон Мамытов. 
Жудит Маргарет Фарнворт Кыргызстанда Улуу Британиянын элчилигин ачуунун негизги максаты мамлекеттеги демократиялык процесстерди жана жаңыланууларды колдоо экенин белгилеп өттү.
“Бизге укук коргоо жана күч түзүмдөрү системинде мамилени дагы ыкчам өнүктүрүү керек. Элчилик кыргыз күч түзүмдөрү менен жолугушуу өткөрүүгө Британиянын укук коргоо органдарынын жана полиция академиясынын өкүлдөрүнүн келүүсүн пландап жатат. Ошол эле учурда биз кыргыз адистерин Улуу Британиянын сот иштери менен таанышуусу үчүн ал жакка чакыралы деп турабыз”,- деди элчи. 
Тараптар Борбордук Азияда чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча Фонддун долбоорун талкуулашты жана Ооганстандагы кырдаал жөнүндө пикир алышышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан