Депутаттар “түштүктөгү үйлөнүү тойлорундагы унааларга чара көрөлү” дешти

ЖКнын 28-ноябрдагы жыйынында үйлөнүү тойлорунда көчөгө тизилип чыккан унаалар боюнча маселе көтөрүлдү. Депутат Мирлан Бакиров өлкөнүн түштүк аймагындагы көрүнүштү сынга алды. “Түштүктө бул көйгөй курч. Тойлордо 20-30 унаа көчөгө чыгат. Көчөдөгү ыңгайсыздык, коопсуздук гана эмес, экономикалык жактан көйгөй. Буга чара көрүшүбүз керек”,- деди депутат. 

Бакиров жол кырсыгы кескин өскөнүн айтып, “быйыл каза болгондордон тышкары 750 адам жаракат алды. Айдоочулук күбөлүк берүү системин тартипке келтирүү зарыл. Мурда тилсиз жоо деп өрт менен суу ташкынын айтсак, ага жол кырсыктары да кошулду”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан