Кыргыз
Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен кыргызстандыктардын
жана мекендештердин “Замандаш” эл аралык
конгресси ички жана тышкы эмгек рыногунда, миграция жана жумуш менен камсыз
кылуу маселелери боюнча биргеликте иш алып баруу үчүн кол коюшту.
Документке 27-ноябрда эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов менен
“Замандаш” ассоциациясынын директору Майрамбек Жапанов кол койюшту. Бул тууралуу
Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар
биргелешип иш алып баруу менен мигранттарды башка өлкөлөрдүн
мыйзамынын алкагында жана улуттук, эл аралык мыйзамдарды сактоо менен жумуш
менен камсыз кылуу маселесин карашат.
Мындан сырткары мигранттардын укугун
коргоо, өлкөдөн
мыйзамсыз
чыгаруу жана адам сатууну жок кылуу, сырткы миграциядагы
тобокелчиликтер тууралуу маалымат берүү, ошондой эле адам сатууга кабылгандарга ар
тараптуу колдоо көрсөтүү каралган.