Владимир Путин Украинадагы кырдаалга аралашкан өлкөлөрдү чагылгандай тез сокку күтүп турганын айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин эгер Украинадагы кырдаалга үчүнчү өлкөлөр кийлигишсе, ал өлкөнү чагылгандай тез сокку күтүп турганын айтты. Бул тууралуу Путин Санкт-Петербургда жасаган билдирүүсүндө айтканын чет элдик басылмалар жазышты.

"Дагы бир жолу баса белгилегим келет, эгерде кимдир бирөө болуп жаткан окуяларга сырттан кийлигишүүнү көздөп, Орусия үчүн кабыл алынгыс стратегиялык коркунучтарды жаратса, аларга биздин жооп чагылгандай тез сокку болот. Бул үчүн бизде бардык каражаттар бар. Биз мактанбайбыз. Керек болсо колдонобуз. Бул тууралуу бардыгы билишин каалайм, бул маселе боюнча биз бардык чечимдерди кабыл алдык!", - деген Путин.

Ошондой эле Путин Орусиянын Донбасста жана Украинадагы атайын аскердик операциясы эч кандай шартсыз аткарыларын баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан