Алиясбек Алымкулов Франциянын Кыргызстандагы элчиси Стефан Катта менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов 27-ноябрда Франциянын Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Стефан Катта менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Министр 2010-жылдан тарта Кыргызстан менен Франциянын эки тараптуу кызматташтыгы бекемделгенин айтып, анын натыйжасында Франциянын элчилиги ачылганын кошумчалады. Элчи эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык кызматташуунун маанилүүлүгүн айтты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн тарыхындагы жана азыркы учурда болуп жаткан маанилүү окуяларды талкуулашты.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан