Европадагы өлкө Орусиядан газды рубль менен сатып алууга макул болду

Венгриянын бийлиги Орусия киргизген газ жана мунай үчүн рубль менен төлөө схемасын кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сиярто Венгриянын мындан башка жолу жок экендигин, анткени өлкө газдын 85 пайызын жана мунайдын 65 пайызын Орусиядан аларын билдирген.

"Биздин өлкөгө газдын 85 пайызы, мунайдын 65 пайызы Орусиядан келет. Эмнеге? Анткени инфраструктура ушундай. Биз кырдаалды тандаган жокпуз, бул кызык үчүн эмес", - деген Сиярто.

Ошондой эле министр Венгриянын жакынкы бир нече жылда Орусиядан энергияны импорттоону токтотууга мүмкүндүк бере турган альтернативалуу булактары жок экенин билдирген. Учурда өлкө бийлиги орус газынын акысын төлөө үчүн "Газпромбанкта" еврону рублга которууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан