Дамира Ниязалиева “өкмөт нарындыктарга берген убадасын аткарбай жатат” деп сындады

Нарындын Баетов айылында жер титирөөдөн жабыркагандарга өкмөт 1 жыл мурун берген убадасын аткарбай жатат. Муну ЖКнын 28-ноябрдагы жыйынында депутат Дамира Ниязалиева айтып, буга тез арада чара көрбөсө болбой турганын билдирди. “Жабыркагандар учурда чатыр, сарайларда жашап жатышат. 2006-2011-жылдары жер астындагы суу көтөрүлүп, 307 үй жабыркаган. Аларга 50 миң сомдон жардам берилмей болгон. 2012-жылы жер титирөө болуп, ал үйлөр биротоло жараксыз абалга келген. Жантөрө Сатыбалдиев аларга кошумча 150 миң сомдон бериле турганын убадалап, бирок ушул кезге чейин аткарыла элек”,- деди депутат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан