Африка чөлкөмүндөгү Конго Демократиялык Республикасынын түндүк-батышында эболадан экинчи бейтап каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, алгач эболаны жуктуруп алган 31 жаштагы эркек киши болгон. Ал экватордук провинциянын административдик борборунда, Мбандака айылында жашаган. Ал 5-апрелде медициналык мекемеге жаткырылып, 21-апрелде каза болгон.
Генетикалык тестирлөөдө инфекция жаныбардан жукканы жана мурунку эпидемия менен байланышы жок экени маалымдалат.
Ал эми экинчи каза болгон жаран биринчи бейтаптын 25 жаштагы аялы болгон, ал 12 күн мурун оорунун белгилерин байкай баштаган.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кеминде 145 адам бейтаптар менен байланышта болгонун жана алардын ден соолугу кылдаттык менен көзөмөлдөнүп жатканын билдирди. Ошондой эле аталган илдеттин жайылып кетүү коркунучу бар экени айтылат.
Мындан улам аталган өлкөдө эболага каршы эмдөө башталды.