Индияда үйлөнө турган жигити тойго кечигип калгандыгы үчүн кыз тууганына турмушка чыгып кетти

Индияда болочок жолдошу үлпөт тойго кечигип калгандыктан кыз башка жигитке турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя Махараштра штатындагы Малкапур Пангра айылында болгон. Анда болочок жубайлардын үлпөт тою саат 16:00гө белгиленип, бирок күйөө бала тойго 4 саат кечигип келгендигине байланыштуу кыз туугандарынын бирине турмушка чыгып алган.

Кыздын апасы күйөө бала тойго кечигип келгени аз келгенсип, мас абалында болгонун жана тойдогулар менен уруш-жаңжал чыгарганын айткан. Ал эми атасы ошол эле күнү кызын туугандарынын бирине күйөөгө берүү чечимин кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан