Атактуу актриса Анжелина Жоли күтүүсүздөн Украинанын Львов шаарына барды. Актрисаны эң алгач кафеге киргенде жергиликтүү тургундар байкашкан. Анын кафедеги сүрөтү интернет айдыңына желдей тарады. Атүгүл актрисанын Львовдогу жарыяланган сүрөтүндө кулакчын тагып отурган бала (айрым маалыматтарда кыз) мем болуп жатат. Ал актрисага көңүл дагы буруп койгон эмес.
Актриса сапарында мэрияга жана Львов темир жол вокзалына барган. Ал жерден актриса Украинадан кетүүнү каалаган качкындар жана аларга жардам берген ыктыярчылар менен жолугушкан. Жолугушуу учурунда шаарда аба чабуулунун сиренасы жаңырган. Мындан улам Жоли жана анын коштоочулары баш калкалоочу жайга жашынууга аргасыз болушкан.
Анжелина Жоли БУУнун Качкындар агенттигинин элчиси, бирок уюм актрисанын Украинага расмий эмес, жеке иштер менен барганын билдирген.