Ош шаарынын аймагындагы айт намазы окулган бардык мечиттерде коомдук коопсуздук Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, ички аскерлердин жана атайын багыттагы полкунун кызматкерлери тарабынан сакталып, тынч өттү. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Эч кандай тартип бузуу катталган жок. Бүгүн, 2-майда Ош шаарындагы 42 мечитте жана борбордук аянтта айт намаздары окулду", - деп жазылат маалыматта.