Акылбек Асанов: “Абактагылардын 35 пайызы баңгизат колдонушары аныкталды”

Изилдөөлөрдүн натыйжасында абактагылардын 35 пайызы баңгизатын колдонору аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрдагы “ВИЧтин жайылуусуна бөгөт коюуда укук коргоо органдарынын ролу” аттуу аймактык тегерек столдо Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын алдындагы медициналык-санитардык камсыздоону уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси, полковник Акылбек Асанов билдирди. 

“Биз мындан улам түрмөлөрдө маңзаты бар экенин жана аны камалгандар колдонуп жатканын билдик. Маңзат кантип ал жакта пайда болгону бул экинчи маселе. Биз санитардык профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Камалгандар менен сүйлөшкөндөн кийин аларга тандоо үчүн жолдорду көрсөтүп беребиз”,- деди Асанов өз сөзүндө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан