Жогорку Кеңештин 28-ноябрдагы отурумунда депутат Мирлан Бакиров Бишкектин “Дордой” базарындагы 4 миңдей контейнер ээси эч кандай салык төлөбөй турганын айтты. Депутат аталган базарда жалпы 14 миңдей контейнер бар экенин жана аларга текшерүү жүргүзүү керектигин билдирди. “Рейд жүргүзүп, контейнерлердин так санын аныкташ керек. Ким салык төлөп, кимиси төлөбөй жатканын билели”,- деди депутат.