Путин Лавровдун жөөттөр тууралуу айткан сөзү үчүн Израилдин премьер-министринен кечирим сурады

Орусиянын президенти Владимир Путин Израилдин премьер-министри Нафтали Беннет менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жөөттөр жана антисемитизм тууралуу айткан сөздөрү үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу Беннеттин кеңсеси тараткан маалыматка таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.

"Алар Орусиянын тышкы иштер министри Лавровдун билдирүүлөрүн талкуулашты. Ал эми премьер-министр президент Путиндин кечирим сураганын кабыл алып, еврей эли менен Холокостко карата мамилесин түшүндүргөнү үчүн ага ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Кремлдин сайтында президент Владимир Путиндин кечирим сураганы тууралуу маалымат жок. Кремлдин маалыматына караганда, болгону өлкө лидерлери Украинадагы кырдаалды, тактап айтканда, "Азовсталь" заводундагы эвакуациялоо маселесин талкуулашканы жана Путин Израилдин эгемендик күнү менен Беннетти куттуктаганы жазылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Сергей Лавров Украина президенти Володимир Зеленськийди фашисттердин лидери болгон Адольф Гитлер менен салыштырган. Ал “алты миллион еврейди кырган Гитлерде да еврейдин каны бар" деп айткан. Ал эми Израиль бийлиги буга байланыштуу орус элчиси Анатолий Викторовду түшүндүрмө берүүгө чакырып, Москванын кечирим суроосун талап кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан