Кечээ, 9-май күнү Москвадагы Кызыл аянтта Жеңиш парады болуп өттү. Тилекке каршы, аба ырайынын начардыгынан улам аскердик шоунун аба бөлүгү токтотулду. Парадда 11 миң аскер аянтта басып өтсө, жүздөн ашык техника көрсөтүлдү.
Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 77 жылдыгынын урматына Владимир Путин куттуктоо сөзүн сүйлөп, өзгөчө ардагерлерге, аскер кызматкерлерине кайрылды. Парадды коргоо министри Сергей Шойгу алып барды.