АКШ Тажикстандын коопсуздук тармагы үчүн 60 миллион доллардан ашуун каражат берет

Америка Кошмо Штаттары жакынкы эки жылдын ичинде Тажикстандын коопсуздук тармагы үчүн 60 миллион доллардан ашуун каражат бөлөт. Бул тууралуу АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Тажикстан үчүн Ооганстандын түндүк бөлүгүндө жайгашкан террордук топтордун коркунучу бар. Бирок АКШнын Тажикстанга аскердик база ачуу ниети жок. АКШ тажик-ооган чек арасына чек ара бекеттерин, ошондой эле Ооганстан менен чек араны кайтарган 900 чек арачыга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө чек ара отрядын куруп берүүнү пландап жатат.

Элчинин билдирүүсүнө караганда, ал жардамдын алкагында АКШ Тажикстанга чек арадагы аба мейкиндигин көзөмөлдөө үчүн "Puma" үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттарды берет. Учурда тараптар 20 миллион долларлык келишим боюнча макулдашып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан