Cоциалдык тармактарда ырчы Толкунбек Курманбековдун Бишкектеги соода түйүндөрүнүн биринин астында “Карап, карап” ырын гитара менен ырдаганы тартылган видео талкууга алынууда. Көпчүлүк колдонуучулардын көңүлүн чыгарма эмес, ошол видеодо ырчынын ырын угуп жашыган аял бурду. Видео тууралуу “жашоосунда көп кыйынчылык көргөн аял го”, “эмне мынча ыйлады экен?” деген комментарийлер жаады. Көп өтпөй “видеодо ыйлап турган аял менин апам болушу мүмкүн” деп бүгүнкү каарманыбыз Айпери Темиркулова социалдык тармактарга билдирүү таратты. Айпери менен жолугуп апасынын кантип, качан жоголгону тууралуу баянын уктук.
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы – №1014 санынан окуй аласыз.