Бүгүн, 28-ноябрдагы ЖКнын жыйынында депутаттар педофилдерди химиялык кастрациялоого багытталган мыйзам долбоорун колдошкон жок. Мыйзамга президент каршы пикир билдирип, парламентке кайтып келген. Ал каршы билдирүүнү аттап өтүү үчүн 80ден кем эмес депутаттын добушу керек болду. Бирок добуш берүүдө 90 депутаттын 70и гана добуш берип, мыйзам долбоор өтпөй калды.
Мыйзам долбоорунун автору Турсунбай Бакир уулу “каршы добуш берген 25 депутат педофилдерди колдойт” деген оюн айтты.