20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары депутатты бошотуу максатында Алай районунун Сопу-Коргон айылында митингге чыгышкан. Алар 25-ноябрда 3 күндүк мөөнөт менен тосулган Ош -Эркештам жолун убактылуу ачышкан эле. Үч күн мөөнөт аяктап, бийлик тарабынан эч кандай жооп болбогон соң депутаттын тарапташтары бүгүн кайрадан митингди улантышууда.
Бул тууралуу депутаттын бир тууган карындашы Сайра Белекбаева бүгүн, 29-ноябрда билдирди.