Малик Осмонов, депутат: “Өрт өчүрүүчүлөр кырсык болгон жерге жеткиче эле унаасындагы суусу түгөнүп калууда”

“Республика” фракциясынын 29-ноябрдагы жыйынында депутат Малик Осмонов өрт өчүрүү кызматында абал оор экенин айтты. Айтымында, алардын айлыктарын көтөрүп, техникаларын жаңылоо зарыл. “Мурда айылда өрт чыкса, өрт чыккан үй гана күйчү. Азыр айылда мал, жыйылган чөп көп. Өрт чыкса бүт айыл өрттөнүүдө. Район, шаарлардан өрт өчүрүүчүлөр барышат, бирок алар жеткиче унаасындагы суусу агып түшүп калууда. Техникалары бүт эски”,- деди ал. 

Муну депутат Урмат Аманбаева да колдоп, өлкөдө өрт кырсыктары кескин өскөнүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан