Жантөрө Сатыбалдиев жана Ли Кэцян кыргыз-кытай мамилелеринин келечектеги өнүгүшү туурасында талкуулашты

Ташкент шаарында бүгүн, 29-ноябрда, Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жөнгө салуу боюнча 2013-жылдын сентябрь айында кабыл алынган декларация эки тараптуу мамилени тереңдетип, кеңейтүүчү тарыхый мааниге ээ экендигин айтты. 
"Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык кызматташтыгы, товар өндүрүүдөгү теңдешсиздикке карабай, ыкчам өнүгүүдө. Албетте, Кыргызстандан өндүрүлгөн товарларды Кытайга экспорттоо менен теңдешсиздикти төмөндөтсө болот. Ошол себептен, кыргыз өкмөтү айыл чарба продукцияларын Кытайга экспорттоого кызыкдар. Бул багытта биз Кытай тараптын колдоосуна ишенебиз",- деди Жантөрө Сатыбалдиев. 
Ошондой эле премьер Жогорку Кеңеш 400 миллион долларга бааланган "Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу долбоору боюнча жеңилдетилген насыя келишимин ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун жактыргандыгы тууралуу Ли Кэцянга маалымдады. 
Өз кезегинде Ли Кэцян товар өндүрүүдөгү теңсиздикти төмөндөтүүгө колдоо көрсөтөрүн билдирди. "Кытайда эт азыктарына суроо-талап чоң. Буга байланыштуу, биздин өлкө Кыргызстандан айыл чарба азыктарын импорттоого көмөк көрсөтөт. Андан сырткары Кытай өкмөтү унаа, байланыш жана инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор менен таанышып, каражат жумшоого даяр",- деди Ли Кэцян. 
Жолугушууда Жантөрө Сатыбалдиев жана Ли Кэцян энергетика, айыл чарбасы жана эркин экономикалык аймагын түзүү багытында да инвестициялык долбоорлорду талкуулашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан