Ташкенттеги жыйында Шанхай кызматташтык уюмунун өнүктүрүү банкын түзүү сунушталды

Ташкентте бүгүн, 29-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу өкмөтүн басма сөз кызматы билдирди. 
Анын айтымында, уюмдун соода-экономикалык кызматташтыгы эң оболу артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. 
"ШКУ өлкөлөрүндө натыйжалуу биргелешкен экономикалык жана инвестициялык кызматташтык үчүн бардык шарттар бар. Андыктан биз ШКУ алкагында 2012-2016-жылдардын аралыгында так экономикалык долбоорлорго артыкчылыктуу көңүл буруу менен бардык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга аракет жасашыбыз керек. Бул жагдайда Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү кыскарбай, 2013-жылдын 9 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогорулаган. Биздин өлкө Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде аймактык транспорттук инфраструктуралык коридорду өнүктүрүүгө чоң маани берет",- деди Сатыбалдиев. 
Мындан сырткары Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда эл аралык автоунаа ташуулары үчүн ыңгайлуу шарт түзүү тууралуу макулдашууга кол коюуга кызыкдар экендигин билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан