Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгына электр энергиясын берүү токтотулат. Бул туурасында “Түндүк электр” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, Троллейбус башкармалыгы “Түндүк электр” ишканасына 4 миллион 252 миң сом карыз. Эгерде электр энергиясынын бир айлык керектөөсү төлөнбөсө, бүгүн, 30-ноябрда 22:00дө электр энергиясы өчүрүлөт.