29-ноябрда Ташкентте премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Тажикстандын жаңы дайындалган премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту. “Кыргызстан биздин мамлекеттер ортосундагы мамиленин тереңдешине чоң маани берет. Сиздин жаңы мамлекеттик кызмат ордундагы ишмердүүлүгүңүз эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт”,- деди Сатыбалдиев. Тажик кесиптешине кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин жандандырууну сунуштады. Өз кезегинде Тажикстандын премьер-министри куттуктоо сөзүнө ыраазычылык билдирүү менен, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган, мурда жетишилген сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу үчүн тажик тарап бардык аракеттерди көрөрүн билдирди.
Жолугушуунун алкагында тараптар суу-энергетикалык маселелер, чек ара көйгөйлөрүн чечүү, Тажикстандын Согдий облусу менен Кыргызстандын Баткен облусунун ортосунда кызматташтыкты жөнгө салуу маселелерин талкуулашты.