Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика комитетинин жыйынында КРнын Эсептөө палатасынын 2012-жыл боюнча отчёту каралат. Муну парламенттин маалымат кызматы билдирди. Депутаттарга бир жылда жасалган иштер боюнча аталган мекеменин башчысы Элмира Ибраимова маалымат берип, суроолорго жооп берет.
Комитет жыйынында “КРнын 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору да каралат. Жыйынга каржы министри Ольга Лаврова баштаган өкмөт өкүлдөрү катышат.