Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “КРнын шайлоо системин өркүндөтүүнүн негизги багыттары” аттуу коомдук диалог башталды. Жыйынды президенттик аппараттын башчысы, шайлоо системин өркүндөтүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун төрагасы Данияр Нарымбаев ачып, жыйындын күн тартиби менен тааныштырды. Айта кетсек, жумушчу топ президенттин буйругу менен 2013-жылдын апрель айында түзүлгөн. Анын курамында 33 адам, мунун ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары бар.