Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары ШКУ өнүгүү банкын түзүү боюнча документке кол коюшту

Ташкент шаарында 29-ноябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери бир катар документтерге кол коюшту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 
Алар: 
-ШКУга мүчө мамлекеттеринин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын ишке ашыруу боюнча ШКУ катчылыгынын отчёту жөнүндө; 
-ШКУнун 2012-жылга карата бюджетинин аткарылышы боюнча ШКУ каржы отчёту жөнүндө; 
-2014-жылга ШКУ казынасы жөнүндө; 
-2013-жылга карата ШКУ катчылыгынын чыгымдарынын сметасын бөлүштүрүү жөнүндө; 
-ШКУ өнүгүү Банкын түзүү, иштетүү жана башкаруунун негизги принциптерин бекитүү жөнүндө; 
-ШКУ өнүгүү фондун (Атайын эсеп) түзүү жана иштетүүнүн негизги принциптерин бекитүү жөнүндө; 
-ШКУга мүчө мамлекеттерине тиешелүү органдарынын байланышуусун камсыздаган корголгон маалымат-коммуникациялык системин түзүүгө каражат бөлүү жөнүндө; 
-ШКУ каржы эрежелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө; 
Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттеринин эл аралык унаа жолу жана жугуштуу оорулар тууралуу эпидемиологиялык кырдаал жөнүндө маалымдоо программасы боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду. 
Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны 2014-жылы Астанада өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан