Украинадагы кагылышуу маалында туткунга алынган эки америкалык жарандын сүрөтү боюнча АКШ бийлиги изилдөөнү баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, туткунга түшүп калган америкалык жарандардын биринин апасы уулун тааныган. Ал жүк ташуучу унаада колу байланып кетип бара жаткан уулу экенин айтып, АКШ бийлигине кайрылган.
Буга чейин британиялык The Telegraph басылмасы Харьков аймагындагы салгылашууда америкалык жалданма жоокерлер 39 жаштагы Александр Друк менен 27 жаштагы Энди Хен орус аскерлеринин колуна түшкөнүн жазган. Экөө тең АКШ армиясынын мурдагы мүчөлөрү.
Учурда АКШ бийлиги бул сүрөттүн чоо-жайын изилдөөнү баштады. Өз кезегинде Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШ Москвага сигнал берип, маалыматты такташы мүмкүн экенин билдирген.