Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда мугалимдин кийинүүсү, этикасы тууралуу тегерек стол өттү

30-ноябрда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун табият таануу жана география факультети тарабынан уюштурулган он күндүк декада жыйынтыкталды. Анын алкагында “Мугалим ким? Мугалимдин имиджи” аттуу теманын айланасында тегерек стол болуп өттү. Негизинен тегерек столдун максаты -мугалимдин кийинүү этикасы, тарбия берүү жөндөмү, сырткы көрүнүшү менен ички туюмунун дал келүүсү болуп саналат. Талкуу ушул өңүттө уланып, азыркы учурдагы мугалимдин сырткы чөйрөгө болгон жакшы таасири, коомдогу орду жөнүндө сөз болду. 

Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын китепканасынын башчысы  Б.Абдыманапова декаданын уюштуруучуларына, тегерек столдун катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, мугалимдин улуулугун, жоопкерчиликтүү кесип ээлерин тарбия берүүдө ролу чоң экендигин баса белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан