Прокуратура кызматкерлери тажрыйба алмашуу максатында Анкарага кетишти

Кыргызстандын прокуратура кызматкерлери коррупцияга каршы күрөшүү багытында тажрыйба алмашуу үчүн 1-декабрда Түркия Республикасынын Анкара шаарына кетишти. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Тажрыйба алмашуу салты КРнын башкы прокурору Аида Салянованын 2012-жылдын декабрь айында Түркия Республикасына жасаган иш сапарынын натыйжасында ишке ашкан. Анда Кыргызстан менен Түркиянын башкы прокурорлору өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюп, жыйынтыгында Түркия тарап 2013-жылы Кыргызстандын прокуратурасынын 60 кызматкерине окутуу курстарын уюштурарын моюнга алган.
Буга ылайык, 2013-жылдын май айында Кыргызстандын прокуратурасынын 30 кызматкери Түркия Республикасынын Адилет министрлигинин академиясында өткөн бир апталык окуу курстарына катышып келишкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан