“Кыргызстанда кийинки шайлоолорду таза өткөрүү - биздин башкы милдетибиз”,- деп билдирди бүгүн, 2-декабрда Бишкекте өтүп жаткан шайлоо системин өркүндөтүү жолдору талкууланган коомдук пикир алышууда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов. Айтымында, шайлоо системин реформалоо учурдун талабы. “Кийинки шайлоолор бат эле кирип келет. Аларды таза, ачык өткөрүү үчүн президенттин буйругуна ылайык, конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Электрондук добуш берүү, добуштарды автоматтык түрдө атайын жабдуулар менен эсептөө сыяктуу ыкмалар каралууда. Ушул жылдын 30-31-октябрында борбор шаарда шайлоо процессине керектүү жабдуулардын көргөзмөсүн өткөрдүк”,- деди Абдраимов.